IDEA Борбордук Азия тарабынан өткөрүлгөн«Жаштар тандайт» медиакампаниясыныналкагында түзүлдү.

Ысык-Көлдөгү метеоритТекст-сериал

1-эпизод: «Көк алма»
Чок-Тал айылынын жашоочулары асмандагы башкача жарыкка күбө болушкан — көктөн түшкөн жылдыздай жарык көл тарапка жеткенде көздөн кайым болгон. Мындан кийин таң калычтуу көрүнүштөр башталды.
19-октябрь 2021
2-эпизод: «Кызыл алма»
Бакчадагы алмаларга кара-көк тактар түшүп, ал тургай, тургундардын ден соолугуна коркунуч жаралды — Азаматтын жездеси ооруп, төшөктө. Айылга күтүлбөгөн меймандан келди.
26-октябрь 2021
3-эпизод: «Сары алмурут»
Айылга эл өкүлдөрү келип, элдин абалын сурагандын ордуна үгүт барактарын таратып кеткен. Азамат курбусу Аяна менен бирге шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамды түшүнүүгө аракет кылышат.
02-ноябрь 2021
4-эпизод: «Туман»
Азаматтын жездеси менен Аянанын иниси ооруканада. Тургундар түшүнүксүз абалда калды. Азамат айылдагы көйгөйдү чечүүгө бел байлады. Ал үчүн досторун айылдагы ашканага сүйлөшүүгө чакырды. Ушул мезгилде айылды кара туман каптай баштады.
09-ноябрь 2021
5-эпизод: «Метеорит»
Айылды коюу туман каптап келе жатканын көргөн Азамат жана анын достору алдыда бир коркунуч күтүп жатканын түшүнүштү. Адам күчү жетпечүдөй туюлган табышмактуу кубулуш эми кандай чечилет?
16-ноябрь 2021